Бишкекте 27-октябрга караган түнү саат 2лер чамасында Тоголок молдо жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Кырсык болгон учурда жол чырак иштебей, сары түстөгү чырагы күйүп турган.
Биринчи Чүй кең көчөсүндө карама-каршы тилкеде келе жаткан эки унаа (Мерседес бенц жана Митсубиси) унаалары сүзүштү.
Ал эми Тоголок молдо көчөсү менен келе жаткан такси унаасы кырсыкка кабылган эки унааны буйтайм деп жол четинде бара жаткан кызды, андан өтүп темир түркүктү сүздү. Кырсыктан кыз жаракат алып, окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы, милиция кызматкерлери чакырылды.