Нарын. Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүндө мергенчилик чарбасын жүргүзүүгө карата сынак өтүүдө

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Нарын облусундагы мергенчилик чарбасын жүргүзгөн субъектилердин Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө аңчылык жүргүзүүгө жер аянтын алуу үчүн сынак өткөрүүгө атайын түзүлгөн комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Анда облус аймагындагы аңчылык субъектилеринин иш-аракеттерин көзөмөлдөө, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу, көбөйтүү, бул багыттагы башка мамилелерди жөнгө салуу жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануудан түшкөн каражаттарды рационалдуу пайдаланууну көзөмөлгө алуу боюнча облустук сынактык комиссия тарабынан белгиленген аймактар аңчылык менен алектенген тараптарга  пайдаланууга берилет. "2008-жылдан бери облуста 33 фирма аңчылык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Алардын 5 жылдык иш-аракеттерин изилдегенибизде талаптарга жооп бергени 12 гана фирма болду. Жергиликтүү эл, депутаттар дагы мергенчилик менен алектенген тараптардын туура эмес иш жүргүзүп жатканын айтып кайрылышкан. Буга чейин мындай ачык-айкын сынак өткөрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө, мыйзамдарга ылайык, айыл өкмөт башчылары макулдугун берүү менен комиссия жыйынтыгын чыгарат. Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бизге "кара тизме" берди. Булар тиешелүү салыктарды төлөбөй, аңчылык жер аянттарына лагердик база уюштурбаган, отчёттуулугу жок субъектилер кирет. Буларды да эске алабыз",- деп билдирет облус башчысынын биринчи орун басары, аталган комиссиянын төрагасы Эмилбек Алымкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан