Белгилүү актёр Ченнинг Татумдун жубайы ажырашуу тууралуу расмий арыз жазды

Лос-Анжелес сотуна актёр Ченнинг Татумдун жубайы Женна Дуандан ажырашуу тууралуу арыз келип түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, апрель айында түгөйлөр эки башка жолго түшкөнүн айтышкан. Бирок жылдыздуу түгөйлөр расмий түрдө ажыраша элек болгондуктан көпчүлүк күйөрмандар алардын кайрадан чогуу болушун күтүп келишкен.

Женна өз арызында соттон 5 жаштагы кызы Эверлиге эки жак тең бирдей кам көрүүсүнө уруксат берүүнү суранган. Ошондой эле актёрдун жубайы Татумдан алимент төлөтүүнү көздөп жатканы маалым болгон. Ал эми актёр кызын чогуу тарбиялаганга каршы эмес экендигин, бирок ашыкча алимент төлөбөй тургандыгын билдирген.

Түгөйлөр "Бир кадам алдыга" тасмасын тартуу учурунда таанышып, 2009-жылы баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sereznaya
2018-10-27 19:41:03
Ченнинг булчуну мн бир катту кысып кучактаса,мага дем жетпей олуп калаам го ...)))макул эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан