Кара-Сууда 26 жаштагы айдоочу 6 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул маалыматты Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда тастыктады.
Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылында Ош тарапка бараткан 1992-жылы туулган А.Н. аттуу жаран унаасын башкара албай 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен.
Жабыркаган бала Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. Азырка тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.