"Forbes" эң көп айлык алган теле актрисаларды атады

Белгилүү "Forbes" басылмасы эң көп айлык алган теле актрисаларды атады. Бул тууралуу басылма өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Журналдын эсептөөлөрү боюнча эң көп айлык алган теле актрисалардын тизмесинин сап башына София Вергара жазылган. Ал "Американская семья" телесериалына тартылып, 42 миллион 5 миң доллар киреше тапкан.

Экинчи орунду "Теория большого взрыва" телесериалында тартылган Кейли Куоко ээлеген. Ал 24 миллион 500 миң доллар гонорар алган. Үчүнчү сапка "Анатомия страсти" сериалына тартылган Эллен Помпео жазылган. Ал 23 миллион 500 миң доллар киреше тапкан.

Буга чейин "Forbes" журналы эң көп киреше алган теле актёрлорду атаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан