Таластын Көк-Сай айылынын тургундары 7-июлдан бери Казакстанга кеткен “Быстроток” каналындагы сууну өткөрбөй бууп турат. Бул канал аркылуу Казакстандын Жамбыл облусунун 3 миң гектардан ашуун айдоо жери сугарылат. Жергиликтүү активисттер боз үй тигип, суунун башын кайтарышууда. Анткени алар кыргыз-казак чек арасындагы 4,5 гектар жерди кайтарып алууну, былтыр алмашууга макулдашылган 2 гектардай жердеги орнотулган мамыларды алып салууну талап кылышууда. Аталган аймакка 8-июнь күнү вице-премьер-министр Токон Мамытов келип, эл менен жолугушту. Чогулгандар маселенин тез арада чечилиши керектигин айтышууда.