Бүгүн, 27-октябрда "Sexy, sexy" деген ыры менен таанылган Арман Эсенгожоевдин үйлөнүү үлпөт тою борборубуздагы тойканалардын биринде болуп өттү. Тойго эки жаштын жакындары, шоу-бизнес чөйрөсүнөн тапкан достору келишкен. Ал эми тамадалык милдетти "тамашоучу", актёр, алып баруучу Актан Рыскелдиев аркалаган.
Ырчы мырза менен жубайы Розанын ортосундагы жаш айырмачылык 8 жаш.
Тойдон даярдалган видеорепортажды SUPER TV бөлүмүнөн көрө аласыздар.