Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында имам баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда таңкы саат 4:55тер чамасында Жылалды айылында Өзгөн РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган айылдын 1982-жылы туулган С.К. аттуу имамы кармалган. Кызматкерлер имамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн марихуана табышкан.
Азыркы тапта жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалып иликтөө иштери жүрүүдө.