Ош облусунун Кара-Суу районунда "Ош" аэропортуна бара жаткан айдоочу 35 жаштагы жаранды өлтүрө сүзду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда Кара-Суу районунун Нурдан айылында орун алган.
"Кара-Суу районунун 1965-жылы туулган К.М. аттуу тургуну Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен аэропортту көздөй баратып жаранды сүзүп алган. Жабыркаган жаран Кашкар-Кыштак айылынын 1983-жылы туулган А.М. аттуу тургуну болгон. Ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жетпей каза болгон", - дейт басма сөз кызматынан.
Учурда аталган окуя боюнча Кара-Суу РИИБи экспертиза дайындап, тергөө иштерин жүргүзүүдө.