Буга чейин бир бөйрөгүн алмаштырган америкалык ырчы, актриса Селена Гомес экинчи бөйрөгүнө операция жасатууга муктаж

Буга чейин бир бөйрөгүн алмаштырган америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес экинчи бөйрөгүнө дагы операция жасатууга муктаж. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ырчы жакында эле психикалык ооруканага жатып, дарыланып чыккан. Бирок андан кийин Селена Гоместин экинчи бөйрөгү ооруй баштаган. Ал ооруканага кайрылганда дарыгерлер дары-дармектин жардамы менен айыктырууга кепилдик бере албай турганын айтышкан. Эгер ырчы көп кыжаалат болуп, ачууланып, нервдерине күч келтирсе анда бөйрөгүн дарылоого мүмкүн болбой турганын билдиришкен.

Белгилей кетсек, ырчы 2017-жылы ден соолугу начарлап, бөйрөгүн алмаштырууга туура келген. Ага бул учурда жакын курбусу, актриса Франсия Райса кол сунуп бир бөйрөгүн берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Targarien
2018-10-28 16:41:26
Ден соолугун эч нерсеге сатып алалбайсын
+7
talaa11
2018-10-28 18:02:41
Курбу кызы чыныгы дос экен,дос деген ушундай болот жыгылганда тургузат
+13
Aikaaaa
2018-10-28 23:01:16
Ошо курбусунун бөйрөгү менен жашай берсе болот да, беркинисин алдырып салып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан