
"Лестер-Сити" футболдук клубунун ээси тик учак менен кырсыкка учурап көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон учурда учактын ичинде футболдук клубдун ээси, миллиардер Вишай Шриваддханапрабха, учкуч жана дагы бир жүргүнчү болгон. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак "King Power" стадионунан абага көтөрүлгөн соң кайра кулап, дароо күйүп кеткен.
Вишай Шриваддханапрабха Англия Премьер-Лигасында болгон оюндан соң сапарга чыккан.