Орусиялык белгилүү ырчы Кристина Орбакайте апасы Алла Пугачёва менен чогуу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, "Дем алыш күндөрү апам менен" деген билдирүүсүн калтырган. Ырчынын мындай билдирүүсү дароо эле кызуу талкуу жаратып, жакшы пикирлерди топтой алган.
- "Эже-сиңдидей көрүнөсүңөр, сөз жок! Суктанам силерге сулуулар!",
- "Апасынын кызы. Кристина жашы өткөн сайын апасына окшошуп баратат" деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан. Пикир калтыргандардын арасында примадоннанын мурунку жолдошу, ырчы Филипп Киркоров дагы "Эже-сиңдилер" деген билдирүүсүн калтырган.
Алла Пугачёва кызы Кристина Орбакайтени 22 жашында төрөгөн.