Бишкектин четиндеги айланма жолдо айдоочу бетон тосмону сүзүп, унаа толугу менен күйүп кетти. Мындай маалыматы Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында орун алган.
"Айланма жолдо бараткан айдоочу Токмокко жетпей бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада Audi S4 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Айдоочу жеңил жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, тосмону байкабай калган", - дейт басма сөз катчысы.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.