Сузакта таксистти бычактап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 11-октябрында кечки саат 21:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө 27 жаштагы Авазбек аттуу таксистти Тойота-Ист автоунаасы менен турган жеринен Бишкектен жүк күтүп аларын айтып, белгисиз кардар жалдаган.
"Кылмышка шектүүнү таксист айткан жерине жеткирген. Бир аз күтө туралы дегенине макул болуп эс ала турууну чечкен Авазбекти жүргүнчү бычак менен желкесинин сол тарабына, оң жак кулагынын тушуна, бетине бирден жолу сайганда айдоочу автоунаадан түшүп, качып кеткен. Мындан соң ал ооруканага барган", - дейт басма сөз катчы.
Ал эми бычак сайган кылмышка шектүү Бишкекти көздөй бара жатып, Топурак-Бел аймагына жеткенде автоунааны башкара албай жол кырсыгына учурап, унааны ошол жерге таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ага шектүү деп Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 26 жаштагы тургуну Ж. уулу М. аттуу жаран кармалган.
Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксистти алдап, ээн таалага алып барып акчасын алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирген.