Бишкекте кыргыз театрынын залкарларына арналган спектакль коюлат

Муратбек РыскуловБишкекте кыргыз театрынын залкарларына, СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз ССРнин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, театр өнөрүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон чыгармачыл үй-бүлөнүн жаркын элесине арналган спектакль Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 31-октябрда өтөт.

Кыргыз жана советтик театр жана кино актрисасы, Кыргыз ССРнин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын баатыры Сабира Күмүшалиева Бишкек шаарынын Төкөлдөш кичи районунда 1917-жылы 19-мартта туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.

СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов 1899-жылы 23-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган. Актёрдун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуно болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт. Рыскулов эл элесинде өзүнүн өзгөчө ролдору менен калган.

Ал эми залкарлардын уулу режиссёр Искендер Рыскулов 1941-жылы 30-июнда Фрунзе шаарында кыргыз киносу менен театрынын залкар артисти Муратбек Рыскуловдун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктаган соң Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, 1962-жылы Ташкенттеги Александр Островский атындагы Театр жана сүрөт өнөрү институтунун драмалык жана киноактёрлук факультетине тапшырып, кыргыз студиясында окуган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан