Дүйнөлүк Универсиада: Кыргызстандык дзюдочулар медалга жеткен жок

Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү Ислам Баялинов жана Азат Кубаков медаль үчүн беттешүүдөн четтетилди. Беттештин 4-күнүндө дзюдо боюнча медалдын 4 топтому коюлган. Анда 66 килограмм салмакка чейинкилер арасында беттешке чыккан И.Баялинов алгач Румыниянын спортчусу Ремус Лазени жеңген. Бирок кийинки беттеште Польшанын спортчусу Павел Загродниктен жеңилип калган. Ал эми 73 килограммга чейинки салмактагылар арасында Азат Кубаков чыгып, биринчи эле беттеште египеттик Мохамед Мохиелдинге уттуруп койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
moskva88
2013-07-10 11:51:56
Бардык кыргызстандыктар катышкан видеосун жуктоп койгулачы......(сураныч)
0
admin_superstan
2013-07-10 12:24:27
moskva88, Саламатсызбы!
Колубузга тийсе жүктөп коёбуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан