ИИМдин академиясынын курсанттарын алып бара жаткан кичи автобус менен Москвич үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгында Москвичтин айдоочусу күнөөлүү экендигин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 57 жаштагы Москвич унаасынын айдоочусу 30 курсант бар Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустун каршысынан чыгып, сүзүп кеткен. Натыйжада кичи автобус аңтарылып кетип, 1-курстун 3 курсанты каза болуп, 3 курсант ар кандай жаракаттар менен ооруканада дарыланышууда. Кырсык 9-июлда саат 07:50 чамасында Октябрь районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.