Дүйнөлүк Универсиада: Кыргызстандык спортчулар дагы 3 коло медаль утушту

Дүйнөлүк Универсиадада кыргызстандык спортчулар дагы 3 коло медаль утушту. 9-июль күнү бел боо күрөшүнүн классика түрүнүн өкүлдөрү килем үстүнө чыгышкан. Анда кыргыз балбандары 60 килограммдык салмактагы Нуржан Рыскул уулу, 100 килограммдык салмактагы Кадыр Келсинбеков жана 90 килограммдык салмактагы Дуулатбек Сапарбек уулу 3 коло байгени Кыргызстандын энчисине алууга жетишти. Балбандардын байгеси менен учурда Кыргызстан курама командасынын жалпы командалык эсебинде 2 алтын, 1 күмүш, 6 коло байге бар. Аталган медалдардын бардыгы бел боо күрөшүнүн балбандарына таандык. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lazy_boy.kg
2013-07-10 21:35:13
Азаматтар ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан