Дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан АКШ менен Өзбекстандан алдыда

Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстандын курама командасы бир катар жеңиштерди багындырууда. Алгач кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 1 күмүш, 3 коло медалга ээ болуп, 162 өлкө спортчуларынын арасында 6-орунга чыккан. Кийин 9-орунга түшүп, андан соң дагы 2 баскычка ылдыйлады. Бирок 9 медаль менен учурда Кыргызстан 162 өлкөнүн арасында 11-орунда келе жатат. Анткен менен Кыргызстан АКШ сыяктуу айрым ири өлкөлөрдөн алдыда. АКШ азырынча 23-орунда. Ал эми Өзбекстан 28-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Real_Madrid95
2013-07-10 11:21:32
А Казакстан канчанчы орунда?
0
FIANIT
2013-07-10 11:26:31
Real_Madrid95, Кечээ алар 12-орунда эле, бүгүн 9-орунга чыгышты.
0
menedjer
2013-07-10 11:37:53
ийгилик
0
Kelbes
2013-07-10 14:40:17
Эн сонун жанылык! Алга Кыргызстан!
0
omurbek9393
2013-07-10 15:03:39
озбекстандан алдыда болушубуз керек бирок эмнеге кыргызстан кундон кунго томондоп баратат?
-1
PROS
2013-07-10 16:22:36
Азаматсынар мекендештер! Кудайга шугур, дуйнолук студенттердин арасында 2 алтын, 1кумуш, 3 коло медалга ээ болуу бул кыргызстан учун чон жетишкендик!
0
roy
2013-07-10 17:12:10
Бизде спортко конул бурулбайт спортсмендерди колдоп кичине карашып койсок Спортсмен балдарды чогултуп мафия бандиттик топ тузуп жатыптыр дейсинер Бир козго коруноорлук зал же бир комплекс барбы Бишкекти араласан сауна м-н кафе казинодон ойдо болушпайт анан кайдагы результат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан