Ушул жылдын 18-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгон келин кармалган. 32 жаштагы келин бул ишке эмне себептен барганын айтып, тергөө абагына 1 айга киргизилген.
32 жаштагы София Д.нын (аты-жөнү өзгөртүлдү) иши боюнча сот кандай чечим чыгарганы боюнча Аламүдүн райондук сотуна кайрылганыбызда, маалымат катчылыгынын кызматкери Байыш Байгазинов төмөнкүдөй жооп берди:
"2018-жылдын 27-февраль күнү Аламүдүн райондук соту айыпталуучу С.Д.ны 3 жылга жатак абакка кескен. Анын туруктуу жашаган жери жок болгон. Кылмыш жасалган учурда ал Восток айылындагы дыйканчылык жана мал чарбачылыгы жүргүзүлгөн сарайлардын биринде жалданып иштеп жүргөн. Райондук соттун чечимине карата соттолуучу тарабынан же башка анын туугандары тарабынан макул эместигин билдирген арыз менен эч ким кайрылган жок. Ошол себептен бул иш райондук инстанциянын чечими менен жыйынтыкталган".
Окуянын чоо-жайы:
Кемин районунда туулган София Д. кийинчерээк Токмок шаарына үй-бүлөсү менен көчүп барган. Ата-энеси ажырашып, алар каза болуп калгандан кийин Софиянын бир туугандары да өз турмушу менен өз алдынча кетишкен. Турмуштун ар кандай кырдаалдарынан улам София 18 жашында турмушка чыгып, 3 балалуу болгон. Жолдошу менен 11 жыл жашаган соң ажырашып кетишкен. 3 баласынын улуусун кайненеси, ортончусун өзүнүн агасы, ал эми эң кичүүсүн өзү багып жүргөн. Жогорудагы окуя катталган күндүн эртеси SUPER.KG порталынын кабарчылары Софияга төрөтканада жатканда барып жолугушкан. Анда ошол күн тууралуу келин буларды айткан:
"Восток айылындагы фермалардын биринде иштеп жүргөм. Күндүз адаттагыдай эле ишимди аткардым. Үйгө келип уулум экөөбүз тамактандык. Түнкү саат 12лерде ичим ооруп баштады. Мен иштеген жерде кечкисин иттерди бошотуп жиберишет. Ал иттерден корком, ошондуктан сыртка чыга алган жокмун. Толгоо ушунчалык катуу болду, баламды ойготуп албаш үчүн эрдимди кесе тиштеп жатып төрөдүм. Калганы туман. Толгоонун оорутканын, жер кан болгонун, баланын кыймылдабаганын бир билем. Кантип ороп, баштыкка салганымды деле билбейм. Эсиме келгенде карасам, бала баштыкта экен. Орогуч кан болчу, ошондуктан баштыкка салган окшойм. Дем алдыбы же жокпу билбейм. Бирок ыйлаган да, кыймылдаган да эмес.
Төрөтүм жакындап калганын билип эле жаткам. Жумуштан суранып туугандарыбызга барып уулумду таштайын деп ойлогом. Кечинде чогулушта бир нече күнгө суранып, айлыгымды алып кетейин деп жаткам. Кадимкидей эле ооруканага барып төрөп, баладан баш тартайын деп ойлонуп жүргөм. Бул бала мага кереги жок болгон соң, башка бирөөгө керек болмок беле... Ымыркайды баштыкка салып катып койгонумдун себеби улуу балам диванда уктап жаткан. Ал көрүп калса коркпосун дедим.
Мындай болуп кетерин билген эмесмин, каалаган да эмесмин. Мен кылмышкермин, ошондуктан эч жакка качпайм".
Келин тумчуктуруп өлтүрүлгөн ымыркайдын атасы менен социалдык тармактардын биринен таанышкан. Экөө жолугуп жүрүшүп, бирок чогуу болушкан эмес. Софиянын айтымында, уулу "мага атанын кереги жок" деп койгон.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына София Д. өлкөнүн кайсы облусундагы абакта жазасын өтөп жаткандыгы боюнча кайрылдык. Аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кылмышкердин Чүй облусундагы жатак абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыгын билдирди.
"Аталган жаран Чүй облусундагы жатак абактардын бирине ушул жылдын июль айынын ортосунда келген. Эгерде бул аялдын туруктуу жашаган жери, иштеген жумушу болгондо тийиштүү дарегин каттоого алып, жумушуна жибермекпиз. Анын жашаганга жери жок болгондуктан, абактын жатаканасында күн кечирүүдө", - деп билдирди Сабатарова.