Бүгүн, 30-октябрда биздин коомдо дагы бир үй-бүлө түптөлдү. Тактап айтканда, ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Бишкектеги тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдү.
Алгач келген коноктордун маанайын көтөрүү үчүн атайын бийчилер шоу программа тартуулады. Андан кийин залга жаштарды "Жар-жар" ыры менен шоумен Манас Алыкулов алып кирди. Куда-кудагыйлар эки жашка каалоо-тилектерин айтышты. Тойго ырчынын жакын санаалаштары жана чыгармачылыктагы достору чакырылган. Курал мырзанын чыгармачылыктагы жакын достору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, ырчылар Акбар Сүйүнбаев, Ильяз Андаш, Эльзар Өскөнбаева жана башкалар тойдун көркүн ачып, шаңга бөлөштү. Мындан тышкары оюн-зооктор уюштурулуп, эки жаш ак бийге түшүштү.
Тойдогу кызыктарды толугу менен жакынкы күндөрү Super TV'дан көрө аласыздар.