Сот алардын курагын эске алуу менен чечим чыгарган. Кыздын ата-энеси өздөрүнүн арызында кошуна балдар кызын үйүнө алдап чакырып, зордуктап салышканын жазышкан. "Кызды зордуктагандан кийин алар моюнуна бычак такап, бул тууралуу башкаларга айтсаң өлтүрүп салабыз деп коркутушкан. Ошондуктан ошол күнү кыз бул жөнүндө эч кимге айткан эмес" деп билдиришкен. Бирок өспүрүмдөрдүн биринин апасы соттун чечимине нааразы болуп, жогорку инстанцияга кайрылаарын айткан. Кыздын чоң энеси окуя болгондун эртеси кыздын ичи катуу ооруп калганын айткан. Үйдөгүлөр такып сурай баштаганда ал коңшу бала кол салганын билдирген. Бул боюнча өткөрүлгөн медициналык экспертиза зордуктоо фактысын аныктаган.
Ушул жылдын июнь айында Тажикстандын Гиссар районундагы Кончи айылында 7 жаштагы кыз зордукталган. Бул кылмышка шектелип 2 өспүрүм кармалган. Азаттыктын тажик кызматы жазгандай, сот зордуктоого айыпталган эки өспүрүмдү жети жылдан эркинен ажыраткан. 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдөргө "Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү" беренеси менен айып тагылган.