SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна кыргыз эстрада ырчысы Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" аталышындагы клиби кошулду. Ырчы клиби тууралуу буларга токтолду.
"Клиптин сөзүн, обонун өзүм жазгам. Идеясы клипмейкер Нурсултан Кубатовго таандык. Бул клип 1 ай аралыгында тартылган. Тартуу учурунда бай адамдын образын жараткан актёр баарыбызды ар кандай тамашалары менен тамашалап, күлдүрүп жүрүп, бир ай кандай өткөнүн деле байкабай калдык" дейт ырчы Мажит.
24-ОКТЯБРДАН 31-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Курал Чокоевдин "Шоколад" клиби эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.
9-орун - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясына буюрган.
8-орунду - Жийдеш Идирисованын "Наринай" чыгармасы ээлеген.
7-орунда - Арсендин "Арнадым сага" чыгармасы жайгашкан.
6-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" видеоклибине буюрган.
5-орунда - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" видеокомпозициясы жайгашкан.
4-орунду - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" клиби ээлеген.
3-орун - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орунду - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" клиби ээлеген.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Мирбек Атабековдун "Жалынам" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.