Бүгүн, 31-октябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда алгачкы жолу иттин өлүмү боюнча сот болду. Доочу Гуля Алмамбетованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, белгисиз жаран анын 9 жаштагы баласынын Спайсик деген итин уурдап кетип, кийин өлүгү табылган.
"Бүгүнкү алгачкы сот отурумунда териштирүү иштери каралды. Анда шектүү адам суралып, күнөөсүн моюнуна алды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен айып тагылып жатат. Ал эми өлтүрүү фактысы боюнча азырынча берене карала элек экен. Ал үчүн биз дагы бир ирет сотко арыз менен кайрылуубуз керек. Бирок сот азыр каралып жаткан кылмыш ишти аягына чыгарып алуу керектигин айтты. 5-ноябрда сот иши улантылат. Анда тараптар суралып, андан кийин сот чечими угузулат", - деди Алмамбетова.
Гуля Алмамбетова ушул жылдын жай мезгилинде 9 жаштагы уулунун Спайсик деген итин белгисиз жаран уурдап кеткенин айтып, табууга жардам сурап кайрылган.
"Баламдын 3 жашында так эле ушундай породадагы ити бар болчу. Ал сууга агып кетип өлүп калганда Спайсикти кезекке туруп 500 доллардай акчага сатып алып бергенбиз. Спайсик 6 жылдан бери балама бир туугандай болуп калган болчу. Нанды да бир уулум тиштеп, экинчи ити тиштеп чогуу жешчү. Бат-баттан дарылантып, таза кармачубуз. Шектүү да бүгүн сотто "көзүмө жакшы көрүнүп кетип уурдап алган болчумун" деп моюнуна алып жатпайбы. Соттун чечимине ылайык, ал адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же болбосо, чыгым 3 эсе көбөйтүлүп берилиши мүмкүн болууда", - деди Алмамбетова.