Окуя жарандык никеде жашаган түгөйлөрдүн ортосунда келип чыккан чырдан улам болгон. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, 31 жаштагы Бахром Дадаханов жарандык никедеги аялы менен урушуп кеткен. Андан кийин ачууланып короодо токтоп турган автоунаадан бензин куюп алып, күйүүчү майды өзүнө жана үйдүн ичине чачып, ширеңке тутанткан.