Кадамжайда эки адам мушташа кетип, бири ооруканада каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда 2 адам мушташып, бири ооруканада каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү болгон. Анда 35 жаштагы С.У. менен 37 жаштагы М.Б. көчөдө мушташып кетишкен. Мындан улам С.У. жерге башы менен жыгылып, Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүндө 1 күн жатып, 26-октябрда каза болгон.

Бул маалымат милиция кызматкерлерине келип түшкөндө, ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүү Ош облусунун Араван районунун тургуну М.Б.ны кармашкан. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан