Ноокатта унаасы менен тосмону сүзүп алган 20 жаштагы айдоочу каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда жеңил унаа тосмону сүзүп, 20 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы Ош-Исфана унаа жолунун, тактап айтканда, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында болгон.

"Аталган айылдын 20 жаштагы тургуну М.у.А. ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа менен Ош облусунун Ноокат районуна бара жатып рулду башкара албай, бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми жолдон 20 жаштагы айдоочу бейтапканага жетпей көз жумган. Учурда Ноокат РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
meni_kut
2018-11-01 09:37:36
Байкуш бала жайы жанатта болсун,жапжаш экен аттин.
+6
saza20
2018-11-01 09:47:32

Жайы жаннатта болсун! Кырсык да!
+1
Diyana
2018-11-01 11:51:30
Жайы жаннаттан болсун. Ата-энесин куйутко салыптырда. Кимдин баласы болду экен Ак-Булакта
+1
marjan00
2018-11-01 18:50:53
кырсык каш кабактын ортосунда
0
marjan00
2018-11-01 20:39:19
Маалыматты толук билип анан чыгарсаңар, айдоочу каза болгон жок. 2өө каза болгон жанындагы шериктери, 2өө ооруканада. Аллахым шыпаа берсин!!! Алишер, Ибрахим жаткан жериңер жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан