Бирок кийинчерээк өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай кайгылуу окуяга шишкебек эмес, үйдү жылытуу үчүн колдонулган истүү газ себеп болгонун билдирген.
Ташкенттин Чиланзар районунда бир үй-бүлөдөн 4 адам иске ууланып каза болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, учурда бул боюнча экспертиза жана тергөө иштери жүрүүдө.
Каза болгондордун эң кичүүсү 6 жашта, улуусу 22 жашта болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары 30-октябрда беш кишиден турган үй-бүлө Ташкенттеги кафелердин биринде шишкебек жегенин кабарлашкан.
"Алар үйгө келгенде апасы өзүн жаман сезе баштаган. Балдар кафеден келгенден кийин эле уктап калышкан. Эртең менен үч кызы жана уулу каза болуп калган. Аял ооруканага жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.
Бирок кийинчерээк өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай кайгылуу окуяга шишкебек эмес, үйдү жылытуу үчүн колдонулган истүү газ себеп болгонун билдирген.