Таласта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган айтыш өтөт

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында "Айтыш" ресбуликалык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Белгилүү болгондой, айтышка өлкөбүздүн бардык аймактарынан акындар катыша алат.

"Айтыш-2018" республикалык төкмө акындар сынагынын байге фонду 1 миллион сом. Тандоо турунан 16 акын тандалып алынат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат", - дейт Маратов.

Тандоо туру 5-ноябрда "Манас" кинотеатрынын чоң залында саат 10:00дө башталат. Ал эми айтыштын калган бөлүктөрү 8-ноябрда Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан