Бишкек шаарында үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармала элек

Бишкек шаарында бүгүн, 1-ноябрда эртең менен үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен Лексус унаасынын айдоочусу кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

"Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен Лексус унаасынын айдоочусун издөө иштери улантылууда. Азырынча издөө иштери натыйжа бере элек", - деп маалымдашты башкармалыктан.

Белгилүү болгондой, Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаааларды сүзгөн. Жол кырсыгы эртең мененки саат 10:20 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Жол кырсыгына катышкан 3 унаа тең шаардык милициянын атайын унаа токтотуучу жайына токтотулду. Жол кырсыгынан 3 айдоочу жана унаалардын 3 жүргүнчүсү жаракат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2018-11-01 23:22:56
Кутуруп кеткен кишиго канын текшертүү керек
0
Rifle_I
2018-11-02 06:49:01
Менин машинамды да порковдан бирөө арткы оң эишигин сүзүп, качып кетиптир . Сарф машина сүзүптүр. Карскасы калыптыр, көчүп.
Таксилер окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан