Бүгүн, 2-ноябрда куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков 53 жашка толду. Туулган күнгө анчейин маани бербеген ырчы SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракесине катышып жатканын айтты.
"Маанайым жакшы. Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракеси өтүп жатат. Мен дагы Базар-Коргондун атуулу катары, ошол жактан чыккан талант катары мааракеге катышуу үчүн келдим. Өзүм туулган күнгө анчейин маани бербейм, бирок ошентсе да бүгүн кош майрам. Аталган мааракеге көптөгөн ырчылар дагы келишти. Мындан сырткары Ош шаарында дагы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатыптыр, президентибиз, бир катар депутаттар менен бир учакта учуп келдик", - дейт ырчы Кубик Калыков.
Кубик Калыков тууралуу кызыктуу фактылар:
Белгилей кетсек, Кубик Калыков 1965-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы М.Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аскердик кызматын өтөгөн.
Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Учурда анын 100дөн ашуун обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.
Учурда ырчы 2 кыз, бир уулдун атасы. Жээн небересинин сүйүктүү таятасы.
2-ноябрдын жылнаамасы.