Бишкек шаарында үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен Лексус унаасынын айдоочусу кармала элек. Бул тууралуу 2-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
"Унааларды сүзүп кеткен Лексустун айдоочусу кармала элек. Учурда тийиштүү кызматкерлер тарабынан изделүүдө", - деди башкармалыктан.
Эске салсак, Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаааларды сүзгөн. Жол кырсыгы эртең мененки саат 10:20 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Жол кырсыгына катышкан 3 унаа тең шаардык милициянын атайын унаа токтотуучу жайына токтотулду. Жол кырсыгынан 3 айдоочу жана унаалардын 3 жүргүнчүсү жаракат алган эмес.