
Белгилүү режиссёр
Ридли Скотт "Гладиатор" тасмасынын уландысын тартууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, долбоор азыркы тапта иштелип жатат. Тасманы "Paramount" киностудиясы тартса, сценарийди Питер Крэйг жазат.
"Жаңы тасманын сюжети Рим императору Марк Аврелийдин небереси Луцийдин окуясын чагылдырат. "Гладиатор" тасмасында башкы ролду аткарган Рассел Кроу уландысында тартылбайт", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, "Гладиатор" дүйнөлүк сатыкта 457 миллион доллар чогулткан. Тасма "Оскар" сыйлыгынын 12 номинациясына көрсөтүлгөн.