Бишкекте 41 жаштагы аял каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү саат 23:44тө Сухэ-Батор көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналга М.Г. аттуу аял түшүп кеткен. Бирок каналда суу болгон эмес. Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары аялды алып чыгышып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкени жазылат маалыматта.