Караколдогу мектеп окуучуларынын бычакташуусу боюнча териштирүү жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бычактаган өспүрүмдү жоопко тартуу маселеси каралат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан маалымдашты.
"Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, бычактаган өспүрүмдү жоопко тартуу маселеси каралат. Учурда бул окуя боюнча териштирүү жана түшүндүрүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти милициядан.
Айта кетсек, окуя 31-октябрь күнү Каракол шаарындагы мектептердин биринде орун алган. Анда 8-класстын окуучусу 14 жаштагы окуучунун бутуна бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 8-класстын окуучусунун мындай кадамга баруусуна окуяга чейин жабырлануучу бир нече мектептин окуучулары менен бирге анын классташтарын сабап койгону себеп болгон.