Лос-Анжелесте өткөн Азия-Тынч океан киноакадемиясынын кинофестивалында Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков "Эркектин мыкты ролу" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, Акылбек Абдыкалыков Темир Бирназаров режиссёрлук кылган "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн сыйланган. Буга чейин "Эркектин мыкты ролу" наамына 5 өлкөнүн актёрлору - Өзбекстандан Рашид Маликов, Индия Республикасынан Навазуддин Сиддикуи, Ливан мамлекетинен Заин аль-Рафея, Ирандан Бахман Фарманара жана Кыргыз өлкөсүнөн Акылбек Абдыкалыков көрсөтүлгөнү кабарланган.
Азия-Тынч океан киноакадемиясынын фестивалы 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн. Анда тасма жаратуучулардын мыктыларын аныктап, "Азия Оскары" наамы ыйгарылат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 29-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт.