Ош облустук соту баласын бала бакчада өлтүрүүгө аракет жасаган келинди 12 жылга эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Ош шаардык соту 22-августта өз баласын бала бакчада тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет жасаган 26 жаштагы келинди 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Облустук сот чечимди күчүндө калтырганын 2-ноябрда SUPER.KG'ге облустук соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, сот ишти 24-октябрда карап, ушундай чечим чыгарган.

Андан сырткары учурда келинди энелик укуктан ажыратуу маселеси Ош шаардык сотунда каралып жатканы айтылды.

Буга чейин Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде келин баласын жаздык менен тумчуктуруп жатканда аны көрүп калгандар баланы сактап калышканы маалымдалган.

Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, келин баласын никесиз төрөп, ата-энеси менен пикир келишпестиктер жаралып, үйүнөн чыгып кеткен. Турмуштан кыйналып, кризистик борбордо жашап, анын жардамында бала бакчага жумушка орношкон. 1 жаштагы наристесин ал ошол бала бакчада тумчуктурууга аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан