Белгилүү коомдук ишмер Акун Токтосартов 72 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 10-июлда билдирди. Акун Токтосартов 1941-жылы 15-мартта жарык дүйнөгө келген. 1988-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын маданият министри болуп иштеген.
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер сыйлыгынын ээси.
"Руханият" Эл аралык ассоциациясынын негиздөөчүсү болгон.