Бишкек шаарында Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда милициядагы ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, сот аткаруучу кечээ, 1-ноябрда №5-шаардык милициянын бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Кызматкердин жанынан жалпы салмагы 100 граммды түзгөн баңгизат табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.