ӨКМ: "Тактоо. Өрт "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынан эмес, турак үйдөн чыккан"

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" ("Голубой Иссык-Куль”) пансионатында өрт чыкты деген маалымат боюнча бүгүн, 2-ноябрда ӨКМ тактоо жүргүздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда өрт пансионаттан эмес, жеке турак үйдөн чыккан.

"2018-жылдын 1-ноябрь күнү саат 13:30да Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсү менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан менчик үйдө электр калканы (электрощит) күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын чукул туташуусу болгон. Тактап кетчү жагдай, өрт "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында катталган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен ӨКМнын баса сөз кызматы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында өрт чыкты деген маалыматты тастыктап, бирок тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан