Кытайда жүргүнчү аял автобустун айдоочусун сабап, автобус көпүрөдөн түшүп кетип ичинде бараткан адамдар каза болду

Кытайда эл ташып бараткан автобус көпүрөдөн кулап түшүп, ичинде бараткан 13 адам каза болуп, дагы 2 адам дайынсыз болууда. Окуя 28-октябрь күнү Чунцин шаарында орун алган. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, коомдук автобустун айдоочусу жүргүнчү аял суранган аялдамадан токтобой өтүп кетип, ал аял айдоочуга кол көтөргөн. Экөө кармашып жаткан учурда айдоочу рулду башкара албай каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзүп, Янцзы дарыясына түшүп кеткен. 50 метр бийиктиктен кулаган автобустун 13 жүргүнчүсү каза болуп, дагы 2 адам дайынсыз болууда.

"Издөө иштерине суучулдар жана куткаруучулар тартылган. Автобустун калдыктары жана бир нече жүргүнчүнүн жансыз денеси 31-октябрь күнү кечинде 71 метрлик тереңдиктен чыгарылган. Окуяга чейин жолдон түшүп калган жүргүнчүлөр айдоочу алдын ала коомдук транспорттун багыты өзгөрүлгөнүн айтканын билдиришкен. Ал эми полициянын маалыматы боюнча, айдоочунун күнөөсү жок болгон. 48 жаштагы жүргүнчү аял уюлдук телефону менен айдоочуну башка чаап, ал эшикти ачпай турганын айтканда ого бетер ачууланып, кол көтөргөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Paprikafm
2018-11-02 21:15:13
Кокууй
-1
bond02
2018-11-02 21:52:55
Жакында жаны курулган копуро беле?
0
bek_tash
2018-11-03 00:00:13
Ай ай аялдар..
+1
Zaina
2018-11-03 04:49:49
bek_tash,аялдар эмес кытайлар. Алар озу ушундай грубый келишет.
+2
barakcha
2018-11-03 08:22:00
Аял шайтан деп бекер айтылбайт да.Жаман болгон экен.
0
Asylai88
2018-11-03 12:15:40
Олгусу келип калган экен да айдоочуга кол которуп. Бирок башкалардын дагы олумуно себепкер болгону окунучтуу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан