Кара-Суу шаарында төрт үй-бүлө жашаган эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Астыңкы кабаты кафе болгон

Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-ноябрда өрт кырсыгына күбө болгон шаар тургуну кабарлады. Анын айтымында, үйдүн астыңкы кабаты кафе катары пайдаланылып келсе, үстүнкү кабатында төрт үй-бүлө жашап келген.

Кырсыктан жабыркагандар жок. "Өрт кырысыгы саат 10:00дөр чамасында чыкты. Ал жерге дароо өрт өчүрүүчүлөр чакыртылган, бирок 30 мүнөттөй кечигип келишти. Ал учурда өрт күч алып эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Кырсыктан жабыркагандар жок", - деди өз атын атоодон баш тарткан күбө.

Кара-Сууда эки кабаттуу үй күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalima88
2018-11-03 13:23:17
Каап, кыштын күнү кантишет эми?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан