Ноокенде 42 жаштагы жаран өз апасын сабап өлтүрүп койду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков кабарлады. Анын айтымында, 66 жаштагы аял алган жаракатынан улам 28-октябрь күнү ооруканада каза болгон.
Маалым болгондой, 28-октябрь күнү райондук ооруканага Сакалды айылынын 66 жаштагы тургуну оор абалда келип түшүп, ошол эле күнү каза болуп калган. Дарыгерлер ал аял соккудан баш мээси катуу жаракат алып, өпкөсү жарылып кеткенин көрүшкөн. Окуядан кийин милиция кызматкерлери аталган айылга келип, анын 42 жаштагы уулун шектүү катары кармап, камакка алышкан.
Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылууда.