Бүгүн корей мырзаларынын жүзү катары таанылган ырчы, актёр Т.О.П. 31 жашка чыкты.
Кино дүйнөсүнө чейин сахнаны багындырып, түштүк кореялык 5 жигиттен турган популярдуу "Big Bang" ("Чоң жарылуу") деген топтун рэп аткаруучусу катары таанылган.
Топтун курамында аткарган "Көтөрүл" ("Turn It Up"), "Себеби" ("Because"), "Жогору", ("High High"), "Үйүңө кетпе", "Bang bang" жана башка ырлары менен белгилүү.
Толук аты-жөнү - Чхве Сын Хён
Топтогу орду - рэпер, битбоксчу
Туулган күнү - 1987-жыл, 4-ноябрь
Туулган жери - Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою - 182 сантиметр
Билими - Сеул искусство академиясы, Дангук театр жана кинематография университети Хоббиси - китеп окуу, сууда сүзүү
Үй-бүлөсү - ата-энеси, эжеси
Кинематографияда
T.O.P. кино жаатында да өзүн жакшы көрсөтүп келет.
"Aйрис" сериалынан эпизод
Ал 2007-жылы "Мен Сэм" тасмасында, ошол эле жылы "Айрис" аттуу сериалда түндүк кореялык ырайымсыз киши өлтүргүчтүн образын ачып берип, актёр катары атактуулугу арткан.
Кийинки жылы "Кишинин окуясы", 2009-жылы "Менин 19 жашым", 2010-жылы "Жалынды көздөй" тасмасында роль жараткан.
2013-жылы "Унутулгус күн" сериалына, "Бүтүрүүчү", 2014-жылы "Гүлдөрдүн согушу" тасмасына тартылууга сунуш алган.
Ал эми 2015-жылы жашыруун билдирүү", 2016-жылы "Көзөмөлсүз" аттуу фильмде образ жараткан. Ал бир нече дорамада 2-пландагы актёр катары образдарын ийине жеткире аткаруусу менен белгилүү.
Жеке жашоосу
Чыгармачылыгынын башында Viktoriya аттуу кыз менен мамиле курган. Актриса Шин Мин А менен, кийин f(x) тобундагы Кристал менен романтикалык мамиледе болгондугу айтылып жүрөт.
2017-жылы 9-февралда аскерге жөнөп кеткен.
Бирок 2017-жылы өз үйүндө марихуананы ченемден ашык колдонуп алып ооруканага түшүп, ал үчүн 10 айга камалган.
Ал камакка алынгандан кийин полиция кызматында өтөөчү аскердик мөөнөтү аяктабай калган. Чхве Сын Хён депрессияга кабылып, социалдык тармактардан алыстап кеткен.
2018-жылдын 1-октябрынан тарта Инстаграмдагы баракчасына кайрадан жаңы сүрөттөрдү жүктөй баштады.
4-ноябрга карата жылнаама.
BIGBANG - "Fantastic baby"
BIGBANG - "Bang bang bang"