Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам жабыркаса, дагы 1 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-ноябрда Кара-Коо-Коңур-Өлөң унаа жолунда катталган. Анда Форд-Фокус жана Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасындагы 5 адам жабыркап, Фольксваген унаасынын айдоочусу каза болгон. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.