Telecom`дон Digital`га чейин: "Beeline" цифралык компанияга өтүүнү кантип жүзөгө ашырууда?

"Beeline" компаниясынын каржы жетекчиси Акмаль Малаев FINTECH 360 эл аралык жыйынында "Beeline" кантип Digital компанияга айланганын айтып берди.

FINTECH 360 – бул каржы жаатындагы, каржы технологиясындагы жаратмандардын форуму. Аталган форум жыл сайын Австрияда өтүп, ага белгилүү компаниялардын негиздөөчүлөрү, башкы жана техникалык жетекчилери, каржы секторлорун өкүлдөрү (коммерциялык банктар, акча которуу менен алектенген компаниялар, насыя берүүчүлөр жана блокчейн компаниялар) катышат. Мына ошол чоң масштабдагы жыйында Акмаль Малаев доклад окуп, анда Кыргыз өлкөсүндөгү цифралык кызматтардын өнүгүшүнө, интернеттин таралышына себепчи болгон негизги багыттар тууралуу айтты.

Ал кыргызстандыктардын инновацияларга даяр экендигин жогору баалап, муну Кыргыз жергесиндеги сөз эркиндигине, кичи жана орто ишкерликтин өнүккөндүгүнө жана ачык экономикага байланыштырды.

"Глобалдык цифралаштыруу биздин жашообуздун көпчүлүк бөлүгүнө таасир этет. Анын ичинде телекоммуникациялык компаниялар дагы бар. Биз базар сунуштаган салттуу кызматтарга көз салып турабыз. Мындан улам компаниянын трансформацияланышы, IT-индустрияга өтүшү колдонуучулардын суроо-талабынан улам жаралууда", - дейт Малаев.

Ошондой эле "Beeline`дын" жетекчиси компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү, жаңы кызматтарды, тиркемелерди иштеп чыгып, колдонуучуларга жеңилдиктерди түзүү экенин белгилеп, буларга токтолду. "Республикадагы калктын санын "банктык", тагыраагы, калктын көпчүлүгүнүн кызматтарды колдонууга шарты бар деп айтууга болбойт. Акчасын бир эсепке которуу менен сатып алууларды жүргүзө албаган калк көп отурукташкан аймактар, соода түйүндөр эмдигиче бар. Биз ушул шарттарды эске алып, бир нече тиркемелерди иштеп чыктык. Мисалы, Balance.kg мобилдик тиркемеси аркылуу бардык төлөмдөрдү жүргүзсө болот. Балансты толуктап, андагы эсеп менен коммуналдык кызматтарды, сатып алууларды ишке ашыра алат. Бул тиркеменин учурда Кыргыз өлкөсүндө популярдуулугу артып, колдонуучулар тарабынан эң көп жүктөлүүдө. Ошондой эле аталган тиркеме Google Play жана AppStore`догу каржы тиркемелеринин сап башында турат", - деди ал.

Акмаль Малаев компаниянын мындан аркы ишмердүүлүгүндө "шеринг-экономика" эрежеси менен инфраструктураны түзүү, өлкөдөгү цифралык эко чөйрөнү өнүктүрүү экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан