Бишкек шаарында 1-ноябрь күнү үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жол тандабас унаасынын айдоочусун издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
"Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун издөө иштери улантылып жатат. Издөө иштеринен азырынча натыйжа чыга элек", - деп маалымдашты башкармалыктан.
Учурда сүзүлгөн 3 унаа шаардык милициянын атайын унаа токтотуучу жайына токтотулганы маалым.
Белгилүү болгондой, Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаааларды сүзгөн. Жол кырсыгы эртең мененки саат 10:20 чамасында Бишкектеги Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.