Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күйөө баласы балта менен чапкан кайнене каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында, 62 жаштагы аял бир жума мурун каза болгон.
"Күйөө баласы балта менен чапкан кайнене алган жаракатынан улам көз жумду. Ал эми ал аялдын жолдошу учурда ооруканада, абалы туруктуу. Жакынкы арада үйүнө чыгарылат", - деди Рахматуллаев.
23-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Шектүү 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мечиттердин биринде жашынып жүргөн жеринен кармалган. Жабырлануучулардын келининин айтымында, күйөө бала аялынын "ажырашам" деп айтканына өчөшүп ушул ишке барган.