КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Бир эле мезгилде жубайынан, нан таап жеген жумушунан айрылган кожоюндун тагдырын чагылдырган "Ата" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө "Ата" тасмасы жүктөлдү. Тасманын сценаристи, режиссёру Бакыт Осмонканов, ал эми продюсери Мирбек Токтогараев. Тасмадагы башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов, актёр Аскат Сулайманов, Азамат Уланов, Айике Туратбекова жана башкалар жараткан.

Тасма жаратуучулар "кырсык жалгыздап келбейт" деген сөздүн маанисин түшүндүрүүгө, ата-эне болуунун канчалык жоопкерчиликтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылган.

"Турмуштагы окуялардын негизинде тасма тартуу идеясы жаралгандан кийин жарым жылдын ичинде ишке ашырдым. Тасма аркылуу ар бир пенденин башында жоготуулар, кайгылуу күндөр болорун, бирок ошондой учурда сыноого сынбай, алдыга умтулуу керек экенин көрсөткүм келди. Тасмада орто курактагы кожоюн кырсыктан жубайын жоготуп, 1 кыз, 1 уулун жалгыз тарбиялап калат. Анысы аз келгенсип иштеген жумушунан кол жууп калат. Тасмада ошондой кыйын учурдагы абал, ата-энелик милдет, жоопкерчилик чагылдырылат", - дейт тасманын режиссёру Осмонканов.

"Ата" тасмасы 2017-жылы тартылган. Бул Бакыт Осмонкановдун режиccёрлук жаатта тарткан 3-тасмасы.

"Ата" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2018-11-06 03:57:41
Ким корду?
0
DNurgiza
2018-11-06 21:49:12
Nuri1988Elim2010, мен аягын көрбөй калдым, бирок жакшы кино экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан