Бүгүн америкалык актриса Эмма Стоун 30 жашка чыкты. Ал 1988-жылы 6-ноябрда АКШнын Аризона штатында төрөлгөн. Көпчүлүккө "Жаман балдар" ("Super перцы"), "Бёрдмэн", "Кызматчы" ("Прислуга"), "Жаңы жөргөмүш киши: Жогорку чыңалуу" ("Новый человек-паук: Высокое напряжение"), "Ла-Ла Ленд" жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Атасы ишкер болсо, апасы үй кожойкеси болгон. Эмма оорукчан болуп төрөлүп, тынымсыз ыйлаган, анын натыйжасында учурда коңур үндүн ээси. Анын өзүнөн 2 жаш кичүү кинокаскадёр иниси бар.
Карьерасы
Актриса кичинекей кезинен тарта өнөрүн комедия жана драмалык чыгармаларда көрсөтүп келген.
Голливудду багынтуу үчүн сары чачын күрөңгө боёп, атын бир нече жолу өзгөрткөн. Алгачкы ролун "Партриждердин жаңы үй-бүлөсү" тасмасынан алган. Имиджин өзгөртүүсүнүн натыйжасында режиссёр Жадд Апатоунун "Жаман балдар" комедиясына катышат. Бул ролу үчүн Эмма "Жаш Голливуд" сыйлыгына татыган.
2009-жылы "Зомбилер мекенине кош келиңиз" тасмасына тартылып, фильм "Scream Awards" сыйлыгына татыган.
Эпизоддук ролдорду аткарып жүрүп 2010-жылы "Жеңил ойлуу кыз" комедиясында алгачкы жолу баш каарманды ойноого сунуш алган. Эмманын бул образы "Комедиядагы аялдын мыкты ролу" деп табылган.
2010-жылы Стоунго дагы бир башкы роль "Жаңы жөргөмүш киши: Жогорку чыңалуу" тасмасынан буюрган. Кастингге кечигип келген актрисаны жюри дароо байкап, Питер Паркердин ролуна тандап алынган жигит да сүйүктүүсү Гвен Стейсинин образын Эмма жаратуусун суранып туруп алган.
"Жөргөмүш кишиге" тартылардан мурун Эмма Стоун Кэтрин Стокеттин "Кызматчы аял" романынын негизинде тартылган тасмада кара денелүү кызматчы аялдар жөнүндө роман жазууну чечкен Юджиния аттуу кыздын ролун аткарган. Стоундун бала кезиндеги журналист болуу кыялы тасмада интеллектуалдуу, ойчул кыздын образын эң мыкты деңгээлде жаратууга көмөк болгон. Бул ролу үчүн актриса 2012-жылы аталган тасманы Ак Үйдөн көрүүгө Мишель Обамадан чакыруу алган.
Ал: "Өзүм тартылган тасмаларды көргүм келбейт, себеби мага өзүмдүн бет түзүлүшүм жакпайт. Ак Үйдө "Кызматчы аялды" көрсөтүшкөндө мен качып кетүүгө аракет кылгам, бирок Мишель Обама мени токтотуп "Стоун, отуруп тасманы көр, сен Ак Үйдөсүң!" деген", - деп билдирген ал өзүнүн ЖМКларга берген маегинде.
"Кызматчы аял" фильминен кийин Эмма Голливудда беделдүү режиссёр саналган Вуди Аллен жана Алехандро Иньяриттунун идеалдуу талапкерине айланган.
"Ай нурунун сыйкыры" жана "Иррационалдуу адам" мелодрамаларына тартылгандан кийин Стоунду "Скарлетт Йоханссонду алмаштыра турган жаңы муза келди" дей башташкан.
2014-жылы Эмма Стоун катышкан Алехандро Иньяриттунун "Бёрдмэн" тасмасы эл сынына коюлуп, "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыгына татыган. Мына ушул ролунда Эмманын актёрдук чеберчилиги толугу менен ачылып, эң оор делген эмоцияга бай образды ийине жеткире аткарган.
Актриса сымбаттуу сырткы келбети, назик мимикасы гана эмес, коңур үнү менен да күйөрмандарын өзүнө тартып турат. Андыктан аны 2010-жылдан тарта тасма жана мультфильмдерде үн коштоого чакырышат. Ал "Мармадюк" аттуу тасмада Мармадюктун Мэйзи аттуу курбусунун үнүн коштогон. Мармадюкту болсо актёр Оуэн Уилсон коштогон.
Кийинчерээк "Круддардын үй-бүлөсү" ("Семейка Крудс") мультфильминде үн коштогон.
Эмма Стоун 2017-жылы "Ла-Ла Ленд" мюзиклине тартылып өзүнүн алгачкы "Алтын глобусуна" ээ болду.
Ушул эле ролу менен Эмма 2017-жылы "Аялдын мыкты ролу" номинациясы менен алгачкы "Оскарын" алган.
Белгилүү америкалык "Forbes" журналы Эмма Стоунду 26,6 миллион доллар (1 миллиард 857 миллион 139 миң 217 сом) кирешеси менен 2017-жылдын эң кирешелүү актрисасы деп тапкан.
Жеке жашоосу
"Жаңы жөргөмүш киши" тасмасына тартылып жүрүп өнөктөшү Эндрю Гарфилд менен Эмманын ортосунда жылуу мамиле пайда болгон.
Экөөнүн мамилеси бат эле тутанып, көп өтпөй Эмманын колунда шакек пайда болгон. Бирок Эндрю 2015-жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде сүйүктүүсүнүн жанында турууга убакыт тапкан эмес. Ушул себеп экөөнүн эки жолго түшүүсүнө алып келген. Бирок 2016-жылы жылдыздардын чогуу жүрүшкөнү кайрадан талкуу жараткан.
2018-жылы Эмма Стоун башкы ролду жараткан "Көңүлдөш" тарыхый фильми тартылып, бет ачары 23-ноябрга белгиленген.
6-ноябрга карата жылнаама.